Улуттук статистика комитеттин эсебинде, Кыргызстанда быйыл январь-сентябрь айларында (тогуз айда) чакан кредиттик компаниялар 490 миңден ашык адамга 27,4 миллиард сом насыя берди.
Муну менен насыя алгандар өткөн жылдын тогуз айына салыштырмалуу 10% азайды. Бирок берилген акча 17% көбөйдү.
Эң көп кредит алгандар Ош облусунун жашоочулары - 22,4% түзөт. Андан кийин Бишкектин тургундары 17,8%, Чүйдө 14,2% жана Жалал-Абад облусунда 14%.
Алынган насыянын көп бөлүгү же 36% ашыгы турмуштук муктаждыктарга сарпталды. Айыл чарба иштерине 30%, соода-сатыкка 10% ашыгы, 9% жакыны курулушка жумшалган. Адамдар алган карызын кайтаруу боюнча өткөн жылдын тогуз айына салыштырмалуу 1,9% азайып, 91,2% түздү. (BTo)