Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

ХАМАС мүчөсүнүн кол салуусунан бир киши өлүп, экөө жаракат алды


 Израилдин коопсуздук күчтөрү ХАМАС кыймылынын өкүлүнүн кол салуусунда каза тапкан жарандын сөөгүн алып чыгып баратышат. Иерусалим. 21-ноябрь, 2021-жыл.
Израилдин коопсуздук күчтөрү ХАМАС кыймылынын өкүлүнүн кол салуусунда каза тапкан жарандын сөөгүн алып чыгып баратышат. Иерусалим. 21-ноябрь, 2021-жыл.

Иерусалимде палестиналык ХАМАС радикал тобунун мүчөсүнүн кол салуусунан бир израилдик каза болуп, үчөө жаракат алды.

Кол салган киши жөөттөр да, мусулмандар да ыйык деп эсептеген Храм тоосунан алыс эмес Эски шаардын аймагында ок чыгарды.

Анын натыйжасында эки израилдик оор жаракат алып, алардын бири кийин каза болгон. Израил тараптан башка эки полициячы да жарадар болду.

Ок аткан кишини окуя болгон маалда полиция кызматкери атып өлтүрдү.

ХАМАС уюму кол салган адам Чыгыш Иерусалимдин тургуну экенин ырастап, анын бул жосунун «баатырдык» деп атады жана ал өзү жалгыз аракеттенгенин жарыялады.

Бул соңку күндөрдө Иерусалимдин Эски шаарында болгон экинчи кол салуу. Шаршембиде 16 жаштагы палестиналык Израилдин полиция кызматкерлерин бычактап кеткен.

Маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, каза болгон адам тынчтык өкүм сүргөн алты айдан бери аталган кыймылдын Иерусалимдеги кол салууларынын алгачкы курмандыгы болду.

Эски шаар 1967-жылы Израил аннексиялап алган Чыгыш Иерусалимдин бир бөлүгү. Израил Иерусалимди өзүнүн борбору деп эсептейт.

Ал эми палестиндер Чыгыш Иерусалим алардын болочок мамлекетинин борбору болушу керектигин талап кылып, Израилди алардын тарыхый жерлерин күч менен басып алган деп айыптап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG