Кыргызстанда шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 миллион 703 миң 420 шайлоочу киргизилди. Анын ичинен 84 миң 128и чет өлкөдөгү шайлоо тилкелеринде добуш беришет. Бул бирдиктүү, тагыраагы партиялык шайлоо округу боюнча такталган тизме.
Бир мандаттуу шайлоо округдарында 3 миллион 619 миң 292 шайлоочу бар. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова эки тизмедеги айырманын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү.
"Анткени, чет өлкөдө жүргөн шайлоочуларыбыз бир мандаттуу округдар боюнча тизмеге киргизилген эмес".
Шайлоочулардын саны 2015-жылга салыштырмалуу 1 миллионго, 2020-жылга караганда 200 миңге көбөйдү.
БШКнын маалыматына караганда, 2494 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 59у чет өлкөдө. Шайлоо комиссияларында 30 миң 508 адам иштеп жатат.
Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жатат. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.
Facebook шеринеси