Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:43

"Омикрон" штаммынан улам Жапония чет өлкөлүктөр үчүн жабылды


Токио шаары
Токио шаары

Жапония коронавирустун жаңы түрүнө байланыштуу чет элдиктердин өлкөгө киришине убактылуу тыюу салды. Бир нече өлкө Африканын түштүгүнөн келгендерге чектөө киргизүүдө.

Түштүк Африка жумуриятынын президенти Сирил Рамафоса муну “адилетсиз чечим” деп сындап, илимий негиздеме жоктугун, регион дискриминациянын курмандыгы болгонун айтты.

Бир нече күн мурун "Омикрон" деп аталган жаңы штамм кооптонуу жаратарын билдирген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чектөөлөрдү киргизүүгө шашпоого чакырды. Уюм жаңы вариант дүйнөнүн чар тарабында табылгандыктан, Африкадан келүүгө тыюу салуу “глобалдык тилектештикке залака тийгизерин” белгиледи.

Коронавирустун жаңы түрү адегенде Түштүк Афикада аныкталып, бир нече күндө дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүнө тарады. Адистер бул штаммды изилдөөгө убакыт керектигин айтышат.

Өзгөчө кооптонууну "Омикрон" мурункуларга караганда "тез жугат, азыркы вакциналардын натыйжалуулугун азайтат" деген божомолдор пайда кылууда.

XS
SM
MD
LG