Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Ысык-Көлдө карышкырдын тиш салуусунан бодо мал кырылды


Ысык-Көлдө жыл башынан бери 57 баш карышкыр жана 37 баш чөө атылды. Бул тууралуу Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүктү сактоо департаментинин бөлүм башчысы Төлөгөн Үсөнбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, быйыл карышкыр короодогу малга тиш салып, анын айынан 189 баш уй, топоз жана жылкы жок болгон.

Элеттиктердин малын сактап калуу үчүн Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүктү сактоо бөлүмү мергенчилердин беш тобун түзгөн. Ал эми аңчылыкты сүйүүчүлөрдөн дагы тогуз топ түзүлдү. Алар ушул жылдын 11 айында 57 баш карышкыр жана 37 баш чөө атты.

“Өзгөчө Жети-Өгүз менен Тоң райондорунда карышкыр азыр күч алып турган учур. Жылда малчылардын 200гө жакын уй-жылкыларын карышкыр менен чөө жеп кетет. Азыр аңчылар топторго бөлүнүп, айылдарга жана алыскы аймактарга чыгып, карышкырды атуу менен алек”,- деди Үсөнбаев.

Мамлекет 2016-жылдан бери карышкыр жана чөө аткандарга сый акы төлөп келет. Ага ылайык, 1 баш карышкырга 6 миң, ал эми 1 баш чөөгө 2 миң сом берилет.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр карышкырдын мал-келге зыяны 28 миллион сомду түзгөн.

Кыргызстанда 2020-жылы 380ден ашык карышкыр, 20дай бөлтүрүк, эки миңге чукул чөө атылган. Мергенчилерге беш миллион сомдон ашык сый акы төлөнгөн. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG