Тажик бийлиги бир ооган аялын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн талибдерге өткөрүп бергени кабарланды.
Ысымы жашыруун калышын каалаган аял 2-декабрда "Азаттыктын" ооган кызматына балдары жана жакындарын кошкондо жалпы 14 киши болуп ноябрдын башында Ишкашим аркылуу Тажикстанга кирип, бир жумадан соң баары Ооганстанга кайтарылганын айтып берген.
Коопсуздук чараларына байланыштуу анын аты-жөнү ачык жарыяланган эмес. Ал Тажикстанга качкын катары өтүп келип, жергиликтүү милиция бөлүмүнө барганын билдирди.
«Тажикстанга үй-бүлөмдөн жети жаш балам жана мурунку бийликте иштеген таякем менен өтүп келген элем. Бир жумадан кийин бизди күч менен чек арага алып барышып, талибдердин чек арачыларына өткөрүп беришти», - деди ал аял.
Тажикстандын бийлиги азырынча комментарий бере элек.
Буга чейин Дүйшөмбү оор экономикалык абалга байланыштуу башпаанек сурагандарды кабыл алууга чамасы жетпей турганын билдирген.
19-ноябрда БУУнун Качкындар иши боюнча башкармалыгы ооган качкындарынын Тажикстандан артка кайтарылып жатканына көңүл бурган. Уюмдун билдирүүсүндө, быйыл 11-ноябрда тажик бийлиги 11 эркек кишини, бир топ аялдар менен балдарды Ооганстанга “күч менен кайтарган”.