Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:03

Самаев Текебаевге кол салгандарга катышы бар деген маалыматка комментарий берди


Урматбек Самаев.
Урматбек Самаев.

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууга шектелип кармалган Ыбыш Эшпаев аттуу жаран тууралуу "Азаттыктын" суроосуна жооп берди. Анда Самаев Токмоктун жаштарынын 80% тааный турганын, бирок Эшпаев менен жакын тааныштыгы жок экенин билдирди.

"Чогуу бизнес кылып, чогуу иштеген эмеспиз, саясатта чогуу жүргөн эмеспиз. Көрүп калчумун, жүрчү. Шайлоочулар. Менин айдоочум дагы эмес, өкүл балам дагы эмес. Ал үйлөнгөн дагы эмес", - деди Самаев.

Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкекте албууттанган топ "Парк отель" мейманканасында кол салган. Алар саясатчынын уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен.

Муну "саясий террор" деп, өзүнүн ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырган Текебаев Бишкектин Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

2-декабрга караган түнү шектүүлөрдүн бири, 23 жаштагы Ыбыш Эшпаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал өз каалоосу менен Текебаевдин телефонун тартип сакчыларына тапшырганы милициянын маалыматында айтылды.

Мунун алдында "ПолитКлиника" басылмасы Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыковага таянып Текебевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышы бар экени аныкталганын жазып чыккан.

Басылма саясатчы отурган "Парк отель" мейманканасынын алдында чогулгандардын арасында Токмок шаарынын депутаты, Самаев менен тааныштыгы бар адамдар жүргөнүн жазган. Анда кылмышка шектелип кармалган Ыбыш Эшпаев Самаевдин өкүл баласы жана айдоочусу экени тууралуу маалымат айтылган.

XS
SM
MD
LG