Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

COVID-19: Европада миңдеген адам чектөөлөргө каршы демонстрацияга чыкты


Амстердамдагы митинг. 20-ноябрь, 2021-жыл.
Амстердамдагы митинг. 20-ноябрь, 2021-жыл.

Европанын бир нече шаарларында коронавирус чектөөлөрүнө каршы он миңдеген адамдар демонстрацияга чыкты.

4-декабрда 40 миңден ашуун адам Венада көчөгө чыкты. Австрия 22-ноябрда Европада биринчи болуп үч жумага карантин киргизген. Буга коронавирустун "Дельта" штаммынан улам оорунун күч алганы себеп болгон. Австрия өкмөтү Европа Биримдигинде биринчи болуп коронавируска каршы эмдөөнү милдеттүү кылды, бул чара февраль айынан тарта күчүнө кирет.

4-декабрда Германиянын бир нече шаарларында да миңдеген адамдар коронавирус чектөөлөрүнө каршы көчөгө чыгышты. Германияда эмделбегендерге көп чектөөлөр киргизилген. Эң ири нааразылык акциялары Гамбургда өттү, анда 5 000ге жакын адам демонстрацияга чыкты. Нааразылык акциялары Франкфурт, Берлин жана башка шаарларда да болду.

Канцлер Ангела Меркель кызматтан кетер алдында өзүнүн акыркы жумалык подкастында элди "вируска олуттуу мамиле жасоого" үндөп, вакцина алууга чакырды.

Нидерланддын Утрехт шаарында да өткөн дем алыш күндөрү башталган чектөөлөргө каршы демонстрацияга миңдеген адам катышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG