Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Садыр Жапаровдун мурдагы адвокаты Бишкек шаардык сотуна судья болуп дайындалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Президент Садыр Жапаровдун 4-декабрдагы жарлыгы менен Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү соттору дайындалды. Ага ылайык 9 сот өзүнүн кызмат ордуна, алтоо Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторуна судья болуп калышты.
Сотторду тандоо кеңеши президентке жалпы 16 талапкердин тизмесин берген.
Булардын ичинде Бишкек шаар сотуна жаңыдан судья болуп, президент Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов да дайындалды.

Быйыл 5-майда президент Садыр Жапаров кол койгон Баш мыйзамдын 103-беренесине ылайык, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу маселесин Соттор кеңеши карайт. Жаңы мыйзамдар боюнча Сотторду тандоо кеңеши Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш деп өзгөртүлүп, мурда 9 мүчө болсо, азыр 12 мүчөгө ээ. Анын төрагасы жана сегиз мүчөсү соттордон куралат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG