Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

HRW Азербайжанда активисттин сабалышын иликтөөгө чакырууда


Митингдин катышуучуларын кармоо учуру. Баку. 1-декабрь, 2021-жыл.
Митингдин катышуучуларын кармоо учуру. Баку. 1-декабрь, 2021-жыл.

"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) уюму Бакудагы тынч митингдин кууп таркатылышын жана анда оппозиционер активисттин сабалышын токтоосуз иликтөөгө чакырды.

"Азербайжан бийлиги дагы бир жолу элдин тынч митингдерге чыгуу укугун күч менен бузду", - деп билдирди уюмдун Борбордук Европа жана Борбор Азиядагы өкүлү Георгий Гогия.

Бакунун борборундагы тынч митингдин күч менен таркатылышын АКШнын Азербайжандагы элчилиги да айыптады. 3-декабрда элчиликтин "Твиттердеги" баракчасында "АКШ элчилиги Азербайжан Конституциясы менен бекемделген адамдардын тынч митингдерге чогулуу жана оюн эркин билдирүү укугун" кубаттай турганы жазылды.


1-декабрдагы митингде кармалгандардын арасында оппозициялык "Мусават" партиясынын лидери Тофик Ягублу да бар. 60 жаштагы саясатчы полиция кызматкерлери аны камакта аёосуз сабашканын жана бийликти сындаганын токтоторун видеокамерага айтып берүүсүн талап кылышканын билдирди.

1-декабрда Бакуда абактагы оппозиционер, ачкачылык жарыялап отурган Салех Рустамлини бошотуу талабы менен митинг өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG