Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Байден менен Путин орус-украин чек арасындагы абалды талкуулайт


Эки президенттин Женевадагы сүйлөшүү учуру. Июнь, 2021-жыл.
Эки президенттин Женевадагы сүйлөшүү учуру. Июнь, 2021-жыл.

АКШ жана Орусиянын президенттери Жо Байден менен Владимир Путин 7-декабрда видео байланыш аркылуу сүйлөшөт. Анда Украинанын чек арасында орусиялык аскерлердин топтолушуна байланыштуу сөз болот.

CNN Кремлдеги ишенимдүү булагына таянып маалымдагандай, сүйлөшүү шейшембиге белгиленген.

Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков эки президент видеосаммитте Ооганстандагы кырдаалды, Ирандын өзөктүк программасы жана орус-америка кызматташтыгын талкуулашарын 3-декабрда журналисттерге билдирген.

Украина орус-украин чек арасында Орусиянын 94 миң аскери турганын маалымдап жатат.

АКШнын чалгын кызматы чек арадагы аскерлердин саны 74 миң экенин, кийинчерээк 175 миңге чейин жетиши ыктымалдыгын кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG