Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:21

Эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгы белгиленди


Эстебес Турсуналиев. (1931-2005)
Эстебес Турсуналиев. (1931-2005)

4- декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда төкмө акын, Эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдык мааракеси белгиленди.

Салтанатка коомдук - маданий ишмерлер жана жалпы коомчулук катышты.

Иш-чара Эстебес Турсуналиевдин өмүрү жана чыгармачылык жолуна арналган даректүү тасма менен башталып, маркум өзү түзүп кеткен "Эл ырчысы Эстебес " тобунун атайын даярдалган программасы менен ачылды. Акындын кыргыздын салттуу музыкасына кошкон салымы, анын басып өткөн жолу жаш муунга өрнөк жана сабак болору айтылды.

Эстебес Турсуналиев 1931-жылдын 5-майында Талас облусунун Манас районуна караштуу Кайыңды айылында туулган.

1946-жылы атактуу төкмө акын Алымкул Үсөнбаев анын жөндөмдүүлүгүн байкап калып, Фрунзе шаарына алып келип, таалим-тарбия берген. Белгилүү ырчы, төкмө акындар Карамолдо Орозов, Алымкул Үсөнбаев, Ыбрай Туманов, Атай Огонбаев, Калык Акиев, Исмаил Борончиев сыяктуу акындардын шакирти болгон.

1976-жылы “Эл шайырлары” фольклордук тобун түзүп, ал топ менен Индия, Белгия, Швеция, Франция, Жапония жана башка өлкөлөргө гастролдорго барып, зор ийгиликтерге жетишкен.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты жана көптөгөн орден, медалдар менен сыйланган.

Ал төкмөлүк өнөр менен алектенип эле тим болбостон, көптөгөн дастандарды, термелерди ырдап элге жеткирип, акын-жазуучу катары сегиз китептин автору болгон.

Акын 2005-жылы 74 жашында каза болгон, сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG