Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:29

Ак үй Байден менен Путиндин видеосаммитинин мазмунун ачыктады


Эки лидер Женевадагы жолугушуу учурунда. 16-июнь, 2021-жыл.
Эки лидер Женевадагы жолугушуу учурунда. 16-июнь, 2021-жыл.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки АКШ президенти Жо Байден 7-декабрда Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугарын ырастады. Сүйлөшүү Украинага байланыштуу болмокчу.

Маалыматка ылайык, лидерлер америка-орус мамилеси, анын ичинде стратегиялык туруктуулук, киберкоопсуздук жана аймактык маселелерди да талкуулашат.

"Президент Байден орусиялык аскерлердин Украин чек арасында чогулганына АКШнын кабатырлыгын белгилейт. Украинанын эгемендигин жана бүтүндүгүн коргоо үчүн колдоого даярдыгын ырастайт", - деп жазылган билдирүүдө.

Эки лидердин видеосаммити тууралуу буга чейин Кремль маалымдаган. Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Байден менен Путин Ооганстандагы кырдаалды, Ирандын өзөктүк программасы жана орус-америка кызматташтыгын талкуулашарын журналисттерге билдирген. Ал эми орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тараптар өз ара мамилени, Женевадагы июнь саммитиндеги келишимдердин аткарылышын да ортого саларын кабарлаган.

Президент Байден жума күнкү билдирүүсүндө АКШ Орусия тараптын Украина боюнча эч кандай "кызыл чегин" кабыл албай турганын белгилеген. Ал Кремлдин агрессивдүү кадамдарын токтотуу үчүн түрдүү демилгелер чогултулуп жатканын кошумчалаган.

Мурдараак Орусиянын президенти Украинанын НАТОго кириши же Түндүк Атлантикалык альянстын Украинада аскер базасын орнотушу Орусия үчүн "кызыл чек" болорун айткан.

Украина орус-украин чек арасында Орусиянын 94 миң аскери турганын маалымдап жатат.

АКШнын чалгын кызматы чек арадагы аскерлердин саны 74 миң экенин, кийинчерээк 175 миңге чейин жетиши ыктымалдыгын кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG