Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Аба ырайы: Кээ бир аймактарда кар жаайт


9-декабрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 1...6;

Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 6...11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5;

Нарын жергесинде түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5;

Бийик тоолордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -6...-11;

Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен бир аз кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Ала булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн 0...2, күндүз 6...8 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG