Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Еврошаркет Москвага жаңы санкциялар салынарын эскертти


Европа биримдигинин тышкы иштер министрлери Брюсселдеги жыйында орус аскерлери Украинага басып кире турган болсо, Москвага каршы жаңы экономикалык санкциялар салынарын эскертишти. Шаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Йозеп Боррелл жолугушууда жазалоочу чаралар кабыл алынбасын, бирок министрлер АКШ жана Британия менен координацияланган ыктымал чараларды талкуулашарын билдирди. Биримдиктин дипломаттары маалымдашкандай, Орусия менен Германияны туташтырган "Түндүк агым-2" кууру бутага алынышы мүмкүн.

Батыш Орусия коңшу өлкө менен чек арасына он миңдеген жоокерин жана техниканы топтоп жатат деген маалыматтарга камтамасын билдирип келатат. Муну чабуул коюуга даярдык катары сыпаттайт.

2014-жылы Москва Крым жарым аралын аннексиялап алып, Донбасстагы жикчилерге колдоо көргөзгөндүгү үчүн Еврошаркет санкцияларды киргизген. Орусия жикчилерди колдогонун жана чабуулга даярданып жатканын четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG