Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:58

COVID-19:  эки киши каза болуп, 28 жаңы учуру катталды


15-декабрга карата Кыргызстанда 28 адам COVID-19 вирусун жуктурганы аныкталганын республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаарында 13 учур, Жалал-Абад облусунда алты, Чүй облусунда төрт, Ысык-Көл облусунда эки, Баткенде эки, Ош облусунда бир учур катталды. Илдеттен эки киши кайтыш болду. Ушуну менен 2020-жылдын март айынан баштап вирустан көз жумгандардын саны өлкө боюнча 2775ке жетти.

Азыркы тапта өлкө боюнча 671 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Алардын 317си ооруканада болсо, 354 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 14-декабрга карата 1 млн. 169 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын 952 миңден ашууну эки дозаны тең алган.

Вакцина бир адамга эки дозада берилет, аралыгы 21 күн болууга тийиш. Каалоочулар үчүнчү (бустер) дозаны да алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG