Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:50

Фишер: АКШ Беларустан саясий туткундарды бошотууну талап кылат


 АКШнын Беларустагы элчиси Жули Фишер.
АКШнын Беларустагы элчиси Жули Фишер.

Беларустагы бардык саясий туткундарды бошотуу - Кошмо Штаттардын башкы максаты бойдон кала берет. Бул тууралуу АКШнын Беларустагы элчиси Жули Фишер 15-декабрда Вильнюстан "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде айтты.

Ал АКШ өз өнөктөштөрү менен бирге бул максатка басым жасай турганын, Беларустагы өзгөрүүлөргө таасир тийгизүү үчүн экономикалык санкциялар сыяктуу бардык жолдор карала турганын белгиледи.

"Репрессия уланып жаткан шартта биз санкциялардын жаңы айлампасын, басым көрсөтүүнүн кезектеги аспаптарын ишке ашыруу үчүн Европа жана башка өнөктөштөрүбүз менен бирге иш алып бара турганыбыз талашсыз", - деди Фишер.

Америкалык элчинин мындай маегинен бир күн мурда Беларус соту оппозициянын лидери Светлана Тихановскаянын жолдошу, белгилүү блогер Сергей Тихановскийди 18 жылга абакка кескен. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун медиа кеңешчиси Игорь Лосик сыяктуу дагы беш активист жана блогер 14 жылдан 16 жылга чейин эркинен ажыратылган.

Аларга "социалдык кастыкты козуткан", "жапырт башаламандык уюштурган" деген сыяктуу бир нече айыптар коюлган. Айыпталуучулардын баары мындай дооматтарды кескин түрдө четке кагышкан.

Элчи Фишер 14-декабрдагы сот өкүмүн "адилетсиз", "ашкере катаал жана ырайымсыз" деп мүнөздөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG