Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Эл артисти Валентина Гилка менен коштошуу зыйнаты өтүүдө


Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр актрисасы Валентина Гилка
Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр актрисасы Валентина Гилка

Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр актрисасы Валентина Гилка 80 жашында көз жумду. Маркум менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 20-декабрда Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында өтүп жатат.

Театр актрисасынын кайтыш болгонуна байланыштуу президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы, минстрлер, ЖК депутаттары, элчилер көңүл айтышты.

“Белгилүү актриса көптөгөн ролдорду, образдарды жараткан. Алардын ар бири көрүүчүлөрдүн жана кесиптештеринин эсинде чеберчиликтин, театрга, өз кесибине болгон сүйүүнүн үлгүсү катары түбөлүккө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындары менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун оор кайгысын тең бөлүшөбүз”,-деп жазылат көңүл айтуу катында.

Валентина Гилка 1941-жылы 23-ноябрда Украинанын Донецк шаарында туулган. 1964-жылы Харьков театралдык институтун аяктап, Закарпат драма театрынын труппасына актриса катары кабыл алынган. 1975-жылга чейин Белгород, Астрахань, Иваново, Свердловск шаардык театрларында эмгектенген.

1975-жылы Фрунзе (Бишкек) шаарына келип, Н. К. Крупская атындагы Кыргыз ССР мамлекеттик орус драма театрына (учурдагы Чынгыз Айтматов атындагы Кыргыз улуттук орус драма театры) кирген. Көзү өткөнгө чейин ушул театрда актриса, режиссёр, продюсер кызматтарында иштеп келди.

Ал театрда иштеген жылдары "Фома Гордеевде" Медынскаянын, "Үч мушкетёрдо" ханышанын, "Егор Булычев жана башкаларда" Зобунованын, "Канбийке менен чочкочуда" ордо кызматчысынын, "Сологойдо" Мурышкинанын дагы башка ушул сыяктуу ондогон спектаклдерде роль ойногон.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдары берилген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG