Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Сайма сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды


Эркайым Асанбекова.
Эркайым Асанбекова.

Республикалык “Сайма чемпионаты - 2021" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматта иш-чара бүгүнкү күндөгү этно маданиятты жана кол өнөрчүлүктү даңазалоого багытталып, кыргыз саймаларынын ордун баалап, аны алып жүрүүчүлөрдү шыктандыруу жана керме сайма сайууну жандандырууга өбөлгө түзөрү айтылат.

Чемпионатта өзгөчө саймасы жана чыгармачылыгы менен айырмаланып I орунду Эркайым Асанбекова, II орунду Кундуз Абдыкеева, III орунду Нургүл Жээнбекова ээлеген.

Ал эми белдемчи боюнча сынакта I орунга Сырга Өмүралиева, II орунга Эркайым Асанбекова, III орунга Батина Назаралиева татыды.

Иш-чара Улуттук тарых музейинде “Кийиз Дүйнө” коомдук фонду, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөн.

Андан сырткары, Тарых музейинде уздардын колунан чыккан туш кийиздер, паннолор, элечектер, чапандар, белдемчилер, баштыктар көргөзмөгө жана сатыкка коюлду. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG