Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

Тоолуу Бадахшанда өлтүрүлгөн Зиёбековдун сөөгү кайра экспертизадан өткөрүлдү


Гүлбиддин Зиёбековдун социалдык тармактардан алынган сүрөтү.
Гүлбиддин Зиёбековдун социалдык тармактардан алынган сүрөтү.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Рошткалин районунун жашоочусу, укук коргоо органдарынын ноябрь айындагы операциясында өлтүрүлгөн Гүлбиддин Зиёбековдун сөөгү кайра казылып алынып (эксгумация), кошумча экспертизадан өткөрүлдү.

Анын туугандары “Озоди” радиосуна билдиргендей, соттук-медициналык эксперттер Зиёбековдун денесинде дагы эки ок калышы мүмкүндүгүн, мындан улам кошумча экспертиза керек экенин айтышкан.

Агасы Интизор Зиёбеков сөөк 11-декабрда кайра казылып алынганын, буга тергөөнүн адилеттүүлүгүн камсыздоо үчүн барышканын билдирди.

“Алар дагы эмне тапканы жана кандай бүтүмгө келгени алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгы менен белгилүү болот. Эксгумация учурунда сотмедэксперттер менен бирге жарандык коомдун өкүлү болду”, - деди ал.

25-ноябрда Тоолуу Бадахшандын Шохдар айылында милиция менен аскер күчтөрүнүн атайын операциясы учурунда 29 жаштагы Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин облус тургундары митингге чыккан. Алар маркумдун сөөгүн облустун акимчилигинин алдына алып келип, бийликтен күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышкан. Каршылык акциясы төрт күнгө созулуп, облус жетекчилиги окуяны тыкыр иликтөөгө убада бергенден кийин гана тараган.

Прокуратура райондо "барымтага алуу жана улут аралык араздашууну козуткан" деген айып менен издөөдө жүргөн Зиебековду кармоо операциясы болгонун тастыктаган. Көзөмөл органы тараткан билдирүүдө Зиебеков укук коргоо органдарына тапанчадан атканы, ага каршы кызматкерлер ок чыгарууга аргасыз болгону айтылат.

XS
SM
MD
LG