Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

Казан университетинин ректору кармалып, Москвага жеткирилди


Ильшат Гафуров. Казан федералдык университетинин ректору.
Ильшат Гафуров. Казан федералдык университетинин ректору.

Москвалык укук коргоо кызматкерлери Казанда Татарстандын мамлекеттик кеңешинин депутаты, Казан федералдык университетинин ректору Илшат Гафуровду кармашты. Бул тууралуу «Бизнес онлайн», «Татар-информ» жана «Реалное время» басылмаларынын булактары билдирди.

Бул медиа булактарынын айтымында, окумуштуу уюшкан кылмыштуулук менен байланышы бар деп шек саналышы мүмкүн.

Гафуров университетти 2010-жылдан бери жетектеп келет. Ага чейин ал 12 жыл Елабуга шаарынын мэри болуп, Елабуга облусун жетектеп турган.

Гафуров республикалык парламентке депутат болгонго чейин 90-жылдардын башынан бери бизнес менен алектенген.

«Новая газета» басылмасы 2012-жылы профессор «Жыйырма тогузунчу комплекс» деген уюшкан кылмыштуу топтун башчылары менен «жакшы тааныш» деп жазып, аны елабугалык ишкер жана депутат Айдар Исрафиловдун өлтүрүлүшү менен байланыштырган.

Өлөрүнөн бир нече жума мурун ишкер жергиликтүү телеканалдын эфиринде мэрия андан базарды тартып алгысы келип жатканын билдиргенин аталган басылма эске салып жазып чыккан.

«Бизнес онлайн» интернет басылмасынын булагы Гафуровду киши өлтүрүү боюнча кылмыш ишинин негизинде кармашса болмок деп эсептейт.

«Татар-информ» сайтынын маалымат булагы ректорду кармап, камакка алуу уюшкан кылмыштуу топ катары саналган «29-комплекстин» иши менен байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдойт.

Бул маалымат расмий тастыкталган жок. Казан федералдык университетинин басма сөз кызматы ректордун камалышы боюнча комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG