Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

ӨКМ аскерлеринин айлыгы 50 пайызга көтөрүлөт


Өзгөчө кырдаалдар минисрлигинин куткаруучусу.
Өзгөчө кырдаалдар минисрлигинин куткаруучусу.

2022-жылдын 1-январынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлеринин айлыгын 50 пайызга көтөрүү чечими кабыл алынды. Буга кошумча каражат келерки жылдын бюджетине каралганын министр Бообек Ажикеев жыл жыйынтыгын чыгарган отчетунда билдирди.

Министрдин айтымында, тоо-кен куткаруучулары үчүн гранттык жардам аркылуу зарыл болгон шаймандарды жаңылоо жана тик учак алуу маселелерин чечүү боюнча сүйлөшүүлөр дагы аяктап калды.

Министрликтин карамагындагы авиация департаменти буга чейин банкрот болуп, соттор уланып келген. Кийинки жылы бул кызматты жандандыруу үчүн Орусиядан эки тик учак алынат. Ошондой эле Кытай тарабанын грант түрүндө 6 мобилдик госпиталды жана 100гө жакын өрт өчүрүүчү техника берет. (JsA)

XS
SM
MD
LG