Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Кадыров Украина Орусияга кошулушу керектигин айтып чыкты


Рамзан Кадыров. Орусиянын курамындагы Чеченстан республикасынын башчысы.
Рамзан Кадыров. Орусиянын курамындагы Чеченстан республикасынын башчысы.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украина Орусиянын курамына кошулушу керектигин айтып чыкты.

Анын Грозныйдагы маалымат жыйынында айткан билдирүүсүн орусиялык "РИА Новости" маалымат агенттиги жазып чыкты.

"Украина биздин өлкөгө кошулушу керек, бул - биздин аймак", - деген Кадыров, эгер ага бул маселени чечүү тапшырмасы берилсе, эчак эле аткармактыгын, бирок "мамлекеттик келишимдер" тоскоол болуп жатканын билдирген.

Кадыровдун билдирүүсү Орусия менен Украинанын чек арасындагы кырдаал курчуган учурда айтылды.

Батыштын атайын кызматтары Москва кошуна өлкөгө кеңири масштабдуу басып кирүүгө даярданууда деп эскертишүүдө. Кремль мындай билдирүүлөрдү четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG