Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Түндүк Корея жаңы ракетаны сынаганын маалымдады


Түндүк Кореянын телеканалдарынын маалымат каражаттары ракетаны сыноо учурун көрсөтүп жаткан маалы.
Түндүк Кореянын телеканалдарынын маалымат каражаттары ракетаны сыноо учурун көрсөтүп жаткан маалы.

Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат агенттиги (KCNA) күн мурун сыналган ракета гипер ылдамдыкка ээ экенин жана ал ийгиликтүү өткөнүн 6-январда кабарлады.

Пхеньян 5-январда деңизди көздөй ракета атканын Түштүк Корея менен Жапониянын аскер кызматтары кабарлап, ал баллистикалык болушу мүмкүн деп маалымдаган. Түндүк Корея ушуну менен гипер ылдамдыкка ээ экинчи ракетасын сынады. Биринчи сыноо былтыр сентябрда болгон.

Түндүк Кореянын борбордук маалымат агенттиги билдиргендей, акыркы сыноодо ракета 700 чакырымга чейин учкан. Гипер ылдамдыктагы ракета баллистикалык ракетага салыштырмалуу тез учуп, чукул бурула алат. Бул ракетага каршы коргоо системаларынын ишин татаалдатат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти бул сыноо БУУнун Коопсуздук кеңешинин бир нече резолюциясын буза турганын жана Түндүк Кореянын коңшуларына, дегеле дүйнөгө коркунуч жаратарын билдирди. Бул сыноо Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан жана баллистикалык ракеталардан баш тартууга үндөгөн сүйлөшүүлөр токтоп турган шартта өтүп жатат.

COVID-19 пандемиясы башталгандан кийин Түндүк Корея чек араларын толук жаап, натыйжада соода жана башка дипломатиялык сүйлөшүүлөр басаңдаган. АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы дипломатияны жандантууга даяр экенин бир нече жолу жарыялаган. Түндүк Корея азырынча мындай сунушту кабыл албай келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG