Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:41

Алматыда кыргызстандык жоокерлер ЖЭБ-2ни кайтарып жатат


ЖККУнун Казакстанга жөнөтүлгөн аскерлеринин командири Андрей Сердюков алар кырдаал толук жөнгө салынганча болорун билдирген.
ЖККУнун Казакстанга жөнөтүлгөн аскерлеринин командири Андрей Сердюков алар кырдаал толук жөнгө салынганча болорун билдирген.

Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик күчтөрүнүн миссиясынын алкагында барган кыргызстандык жоокерлер Алматы шаарындагы стратегиялык объектилердин бири, Жылуулук электр борборун (ЖЭБ-2) кайтарып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги кабарлады.

Мунун алдында ЖККУнун атынан Казакстанга жөнөтүлгөн күчтөрдүн командири Андрей Сердюков уюмдун аскерлери Алматы менен анын жака-белиндеги стратегиялык объектилерди "көзөмөлдөп" жатканын билдирген. Ошондой эле алар Казакстандагы кырдаал толук жөнгө салынганча болорун айткан.

Уюмдун бейпилдик күчтөрүнүн миссиясынын курамына кирген Кыргызстандын 150 аскери 7-январда Алматыга жеткирилген.

Буга чейин Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен казак бийлигинин "ондогон адам каза тапкан каршылык акцияларын басууга ЖККУнун аскерлерин жардамга чакырганы суроо жаратат" деп билдирген.

Казакстандагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы азырынча белгисиз. Бийлик буга байланыштуу расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги 164 адам өлгөнүн жарыялаган, бирок көп өтпөй өкмөт муну "техникалык ката" деген негизде четке каккан.

Буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана "куралчан" 26 адам өлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Балдар акыйкатчысы Аружан Саин Алматыда эки бала октон кайтыш болгонун ырастаган.

Расмий маалыматка ылайык, жалпысынан алты миңге чукул адам кармалды. Президент жана бийликчил маалымат каражаттары Казакстандагы башаламандыктарды "чет жерде даярдыктан өткөн террорчулар" уюштурганын билдирип жатышат.

Казак полицияы кармалгандардын арасында "кошуна мамлекеттердин жарандары" бар экенин билдиргени менен кайсы өлкөлөрдүкү экенин тактаган эмес.

Бүгүн Казакстан аза күтүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG