Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Чымкентте 52 адамга кылмыш иши козголду


Шымкент. 4-январь, 2022-жыл.
Шымкент. 4-январь, 2022-жыл.

Чымкенттеги башаламандык маалында кармалган эки миңден көп адамдын 177си административдик жоопкерчиликке тартылды. 175и он беш күнгө камалды. Ал эми 52 кишиге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун казак кызматына шаар полициясынын маалымат катчысы Молдир Бекеева билдирди.

Азырынча камалгандарга кандай айыптар тагылганы белгисиз. Буга чейин Чымкентте 38 кыргызстандык кармалып, бошотулганы маалым болгон. Мунун алдында Кыргызстандын Акыйкатчы институту Чымкент полициясына сурак берип чыккан кыргыз жараны Баялы Төрөгелдиевдин абалы оор экенин кабарлаган.

Чымкентте бир нече жарандык активист да кармалган. Укук коргоочулар «террорчулук» жана «экстремизм» деген шылтоолор менен бир катар активисттер куугунтукталышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

Жалпысынан Казакстанда сегиз миңден көп адам кармалганы расмий маалымалды. Алардын арасында беш кыргызстандык бар экенин Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG