Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:50

Бишкек шаардык соту Калмаматовдун бөгөт чарасын кароону жылдырды


Шарабидин Токтосунов
Шарабидин Токтосунов

Бишкек шаардык соту 12-январда саясатчы Бактыбек Калмаматовдун бөгөт чарасын кароону кийинкиге калтырды. Буга соттук коллегиянын бир мүчөсү, судья Шарабидин Токтосуновдун бул процесске катышуудан баш тартканы негиз болду. Токтосунов анын себебин Калмаматов менен буга чейин жакшы мамиледе болгону менен түшүндүрдү.

Шарабидин Токтосунов өткөн айдын башында судья болуп дайындалган. Ал азыркы президент Садыр Жапаров 2012-жылы октябрда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясында камалгандан тартып анын адвокаты болгон. Былтыр бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларынын маалында Жапаровду колдоп, Бишкектин борбордук аянтындагы акцияларда жүргөн.

Ушул жылы сентябрда Токтосуновго "эмгек сиңирген юрист" деген наам ыйгарылган.

Парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду Улуттук коопсуздук комитети 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда "Манас" эл аралык аэропортунан кармаган. Атайын кызматы аны "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айыптаган.

Биринчи май райондук соту аны 9-февралга чейин абакта калтырган. Калмаматов өзү айыптарды четке кагып, “саясий куугунтук” экенин айтып келет.

Саясатчы соңку парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% босого чектен өткөн эмес.

Биринчи май райондук соту 11-январда Калмаматовдун кармалышынын мыйзамдуулугу тууралуу анын жактоочуларынын арызын карап, бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG