Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:22

ЖКда Алматыда кармалган кыргыз жарандары тууралуу маселе көтөрүлдү


Алматыда соңку тополоңдорго шек саналып жалпысынан беш кыргызстандык жаран кармалып, бирөө бошотулган.
Алматыда соңку тополоңдорго шек саналып жалпысынан беш кыргызстандык жаран кармалып, бирөө бошотулган.

Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында Чүйдөгү №23 Москва шайлоо округунан депутат Карим Ханжеза Казакстандын Алматы шаарында кармалып турган төрт кыргыз жараны тууралуу маселе көтөрдү. Анын сунушу менен төрага Талант Мамытов кыргызстандыктардын бошотулбай жатканын тактоо жөнүндө Тышкы иштер министрлигине тапшырма берди.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов Казакстандын Ички иштер министрлигинин кармалгандарды бошотуу тууралуу сунушун Башкы прокуратура карап жатканын билдирген. Башкы консул буга чейин казак тарап аларды 11-январда бошотууга макул болгонун маалымдаган.

Алматыда азыр соңку тополоңдорго шек саналып кыргызстандык Закир Юбуров (1990-жылы туулган), Адан Хуров (1991-жылы туулган), 35 жаштагы Ильяс Мачо жана 21 жаштагы Абду-Рахим Джиншанло камалып турат.

Алматыда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов 10-январда бошотулуп, ошол эле күнү Бишкекке кайтып келген.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалганын билдирген жана расмий Бишкек казак тарапка нота жөнөткөн.

Буга чейин казак полициясы башаламандыкка тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG