Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Кыргызстанда жашоо минимуму 6,2 миң сом өлчөмүндө белгиленди


2021-жылы бир айда кыргызстандык бир кишинин жан сактоочу минималдык каражаты 6 200 сомдун тегерегинде белгиленди.
2021-жылы бир айда кыргызстандык бир кишинин жан сактоочу минималдык каражаты 6 200 сомдун тегерегинде белгиленди.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2021-жылы бир айда кыргызстандык бир кишинин жан сактай турган минималдык каражаты 6 200 сомду түзгөн.

Бул сумма былтыркы жылга салыштырмалуу 17% же 910 сомго өскөн.
Расмий жумушу бар адамдардын бир айлык жашоо-турмушка кете турган каражаты эң чоң өлчөмдө белгиленип, 7 040 сом болду.

Аймактардын ичинен Жалал-Абад менен Талас облусунда минималдык каражат чоң суммада экени аныкталды.

Кыргызстанда 2020-жылдын жаз айларынан бери инфляциянын тез темпте өсүүсү байкалып, азык-түлүк, күйүүчү майга болгон баа кескин жогорулаган. 2021-жылдын сентябрь, декабрь айларында тамак-аштын баасы 7,4% кымбаттаган. 2020-жылга салыштырмалуу жан сактоочу каражат 2021-жылы 22% өскөн. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG