Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

Украинада басылмалар мамлекеттик тилде жазууга милдеттендирилди


Украинада мамлекеттик тилди коргоп чыккан акция. 2019-жылдын 25-апрели. Украина, Киев.
Украинада мамлекеттик тилди коргоп чыккан акция. 2019-жылдын 25-апрели. Украина, Киев.

Украинада 2022-жылдын 16-январында жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жалаң мамлекеттик тилде чыгарууну милдеттендирген мыйзам күчүнө кирди.

Мыйзам 2019-жылы кабыл алынган жана ал медиа чөйрөдө орус тилинин үстөмдүгүн чектөө максатында киргизилген.

Документ орус тилине таптакыр тыюу салбайт, бирок ар бир орусча чыккан материал украин версиясы менен кошо бирдей көлөмдө берилип, бирдей тиражда чыгарылышы керек. Мыйзам Украинада катталган маалымат сайттарына, гезит-журналдарга тиешелүү.

Мыйзамдын тарапкерлери ал улуттук иденттүүлүктү чыңдайт деп ишенишет, аны сынга алгандар өлкөдө орус тилин алып жүргөн жарандардын укугун бузат деп эсептешет.

Мыйзамга мурдагы президент Петро Порошенко кызматтан кетерине аз калганда кол койгон. Андан берки убакыт өткөөл мезгил деп эсептелген. Медиа айдыңындагы бул өзгөрүү Украина менен Орусиянын ортосунда кырдаал чыңалган учурга туш келди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG