Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:09

Назарбаев Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектеген мыйзам жокко чыгарылды


Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Өлкө парламентинин мажилиси 19-январдагы олтурумунда “Коопсуздук кеңешинин жана Казакстандын Улуттук ассамблеясынын төрагалык кызматын тунгуч президент Нурсултан Назарбаев өмүр бою аркалайт” деген норманы жокко чыгарган мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламент депутаты Канат Нуров кабарлады.

Нуров “Фейсбуктагы” баракчасында жазгандай, бул күнү Назарбаев өзү депутаттар менен жолугуп кызматты тапшырып берүүгө макул экенин айткан. Депутат “Биринчи президент – Элбасы” жөнүндө, “Казакстандын Улуттук ассамблеясы” жөнүндө жана “Коопсуздук кеңеши” жөнүндө конституциялык мыйзамдар өзгөртүлүп жатканын кошумчалады.

Парламенттин мажилисинин басма сөз кызматы айтылган өзгөртүүлөр шаршембиде жактырылганын ырастады.

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев январдын башындагы тополоң менен коштолгон нааразылыктар тууралуу 18-январда видеокайрылуу таратып, азыркы президент менен келишпестиги жок экенин айткан. Назарбаев “Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматын өткөрүп бергенин, жакын арада “Нур Отан” партиясынын төрагалыгын да Токаевге берерин билдирген. 2-январда башталган соңку нааразылыктарда партиянын Алматыдагы кеңсеси талкаланган эле.

Казакстанды 1989-жылдан 2019-жылга чейин башкарган Нурсултан Назарбаев президенттик кызматты Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп, Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматын, ассамблеянын жетекчилигин жана партия лидерлигин сактап калган. Аталган мыйзамдар аркылуу бул кызматтарда өмүр бою иштөө укугун бекиттирип алган.

Январдын башындагы кымбатчылыкка байланыштуу чыккан нааразылык акцияларында Назарбаевдин саясаттан биротоло кетишин талап кылан талаптар да айтылган. Тополоңдордун фонунда Токаев Коопсуздук кеңешинин төрагалык кызматын өзүнө алганын жарыялаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG