Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

COVID-19: Каза болгон дагы төрт адам вакцина алган эмес


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир күн ичинде (20-январга карата-ред.) Кыргызстанда коронавирус 870 адамдан жаңы аныкталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (600 адам).

Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы төрт киши (Бишкектин тургундары) каза болгонун, алардын баары тең вакцина албагандар экенин билдирди.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 193 миңден ашты, 2842 бейтап каза болду. 181 миңден ашык киши сакайып чыкты.

Ушул күндөрү 1040 бейтап ооруканаларда, 5961 адам үйлөрүндө дарыланууда.

Бир сутка ичинде коронавирус дагы 40 медициналык кызматкерге жукту. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медкызматкерлер арасында 7439 учур катталды.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун "омикрон" штаммы катталганын, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген жана оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG