Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:29

Кыргызстандын жарандыгы 2253 адамга берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 21-январда Кыргызстандын жарандыгын берүү жана жарандыгынан чыгаруу тууралуу жарлыктарга кол койду. Ага ылайык, 2253 адамга (1724ү чоңдор, 529у балдар) жарандык берилди.

Президенттин басма сөз кызматы алардын басымдуу бөлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар экенин билдирди. Жалпысынан атуулдук алуу тууралуу 2497 арыз түшкөн.

Ошол эле учурда жарлыктарга ылайык, 244 киши (198и чоңдор, 46сы балдар) бул өлкөнүн жарандыгынан чыкты.

Садыр Жапаров былтыр июль айында этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок кыргыз тектүү адамдарга жарандык берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн убактылуу жобосу тууралуу буйрукка кол койгон. Анда документ топтоп, толтурууда түйшүк жана талап азайган, мындай норма ушул жылдын аягына чейин иштейт.

Расмий маалыматка караганда, 2020-жылы 1400гө жакын адам жарандык алган. Алардын көпчүлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзгөн.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын аймагында өзүнүн тек-жайын тастыктаган документтери жок беш миңден ашуун этникалык кыргыз бар экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG