Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Болот Темиров камактан чыкты


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров камактан чыкты. Бишкектин Свердлов райондук сотунун алдынан 23-январда саат 14:30 чамасында аны журналисттер жана активисттер, укук коргоочулар тосуп алышты.

Темировду күч кызматкерлери 23-январга караган түнү кармап кетишкен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев ал жана төкмө акын Болот Назаров маңзатка байланыштуу арыздын негизинде кармалышканын айткан.

Ички иштер министрлиги алар экөө тең бир иштин алкагында шектүү катары өтүп жатышканын маалымдаган.

Ал эми кармалгандардын тарапкерлери аларга маңзатты тинтүү учурунда атайылап салып коюшканын айтып жатышат.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын 23-январда маалымат жыйында айтты.

ИИМ өкүлү журналист Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулуп жатканын мурдараак айткан.

Назаров 48 саатка милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени белгилүү болду, анын бөгөт чарасы тууралуу азырынча маалымат бериле элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG