Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Германиянын Гейделберг университетинде белгисиз адам ок атты


Гейделберг шаарындагы окуя болгон аймак, 24-январь 2022-жыл.
Гейделберг шаарындагы окуя болгон аймак, 24-январь 2022-жыл.

Германиянын түштүк-батышындагы Гейделберг шаарындагы университеттин лекция өтүлүүчү залында куралчан адам ок чыгарды. Андан бир нече киши жаракат алганы кабарланууда.

Полиция 24-январдагы окуядан кийин ок аткан киши каза тапканын учкай билдирди. Бирок бийлик ал кандай шартта өлгөнүн, канча киши, кандай жараат алганын так айта элек.

Германиядагы DPA жаңылыктар агенттиги жана Bild гезити куралчан киши өзүн-өзү өлтүргөнүн маалымдашты.

Коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн баштапкы маалыматына ылайык, куралчан адам эч кандай саясий же диний максатты көздөбөшү мүмкүн.

Германиядагы Гейделберг университети 1386-жылы түптөлгөн жана өлкөдөгү эң байыркы жогорку окуу жай. Шаарда 160 миң адам жашайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG