Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Баткен: Ворухка жол салуу маселеси каралат

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды.

Кыргызстан соңку окуяны тажик чек арачыларынын атайын жасаган чагымы деп атаган, тажик тарап болсо Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 12 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, алардын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургундар экенин жазды.

14:20 30.1.2022

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан айылдын айрым тургундары үйлөрүнө кайра баруудан кооптонуп жатканын билдиришти. Алар азыркы тапта Баткен шаарындагы мамлекеттик мекемелердин имаратында башкалкалап жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдады.

27-28-январда чек арадагы айылдардан 11 миңден ашуун тургун коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Эвакуацияланган жарандардын басымдуу бөлүгү балдар жана аялдар. Алардын ичинен 10 410 жаран туугандарынын үйүнө, 642 адам жети убактылуу жайгаштыруу пункттарына жеткирилген.

29-январда көчүрүлгөн айрым тургундар үйлөрүнө кайтып барышты.
27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган.

Бир аздан кийин тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атады. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 11 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазды.

15:29 29.1.2022

Кыргыз-тажик чек арасы: Сүйлөшүү аяктады, Ворухка жол берүү маселеси каралды

Чек ара маселеси боюнча 29-январда Баткенде, Достук айылындагы эки тараптуу сүйлөшүү аяктады.

Ага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин орун басары, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов баштаган эки тараптын расмий делегациясы катышты.

Эки өлкө өкүлдөрү жолугушууда чек ара маселелерин, аймактагы кырдаалды талкуулады. Аягында делегация жетекчилери журналисттерге жолугушуунун мазмуну тууралуу маалымат беришти.

Кыргызстандын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жолугушуунун жыйынтыгында эч кандай келишимге кол коюлбаганын белгиледи:

"Бирок биз бири-бирибизге сөз бердик. Бүгүнкү жолугушууда кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин жандантууну чечтик. Бул башкысы. Анткени эки ай мурун Чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын иши токтоп калган. Мындан ары комиссия буга чейинки мыйзам, протокол жана башка эки мамлекеттин кызыкчылыгынын негизинде иш алып барат".

Ал эми Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов кыргыз-тажик чек арасын аныктоодо мурда кол коюлган документтердин негизинде иш алып баруу маанилүү экенине токтолду:

"Сүйлөшүүлөр болду. Биз чек ара маселелерине байланыштуу бардык маселелер тууралуу сүйлөштүк. Биз тарыхый документтерге жана кийинки паритеттик комиссиялардын ишинин натыйжасында кол коюлган келишим-протоколдор эске алынышы керек деп эсептейбиз. Тагыраагы, биз 2020-жылдын 1-майында кабыл алынган №39 протокол тууралуу сүйлөштүк. (№39 протоколго 2021-жылы 1-майда кол коюлган -ред.) Бул өтө маанилүү документ. Биз туура сегиз күндөн кийин бул протоколдун негизинде ишке киришебиз. Сегиз күндөн кийин паритеттик комиссия ишин баштайт. Жакынкы күндөрү дагы жолугуп, комиссиянын ишин талкуулайбыз", - деди Ятимов.

Ятимов айтып жаткан №39 протокол же Кыргызстандагы Ворух анклавына жол курууга уруксат берүү маселеси жакынкы күндөрү кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын ишинде карала турганын Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев "Азаттыкка" ырастады.

"Бүгүн эки тараптуу жумушчу жолугушуу болду. Эки жарым саат бардык маселелерди талкууладык. Негизинен делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантуу, 27-январдагы куралдуу жаңжалдын себебин иликтөө тууралуу сөз болду. Өкмөттөр аралык комиссиянын иши Ворухка жол куруу маселесине келгенде токтоп калган. Эми кайра ошол жерден уланат. Эгер комиссия кайра дагы бир пикирге келе албай, талаштуу суроолор жаралчу болсо, тажик УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов экөөбүз кайра жолугушуп, талкууламак болдук. Бүгүнкү сүйлөшүүдө биз чек арадагы куралдуу жаңжалдар чек ара толугу менен чечилмейинче токтобой турганына толук ынандык. Чечимдерди кабыл алууда эки мамлекеттин элинин кызыкчылыгына ылайык иш болот деп сүйлөштүк".

Ташиев: Ворухка жол курууга уруксат берүү маселеси жакында каралат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00



Ташиевдин айтуусунда Ворухка карай курулуучу жолдун макамын мамлекеттик келишим менен аныктоо №39 протоколдо жазылган. Макамды аныктоо иштери өкмөттөр аралык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

2021-жылдын 1-майында эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасында кол коюлган №39 протколдо тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашканын Тажикстан тарап расмий кабарлаган. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат.

Тажикстандын "Ховар" улуттук жаңылыктар агенттиги мындай чечим Тажикстандын жарандарынын жана алардын автоунааларынын тоскоолдуксуз кыймылын камсыз кылуу үчүн кабыл алынганын билдирген. Бул жолдун курулушу Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын тактоо иштери жыйынтыкталганга чейин башталышы керек.

Ал эми кыргыз бийлиги бул протоколго ылайык, Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жол куруларын ырастаган. Бирок бул Ворухка коридор берилди дегенди түшүндүрбөй турганын, жер да, жол да кыргыз тараптыкы болорун, болгону тажик жарандарына ал жол менен каттоого уруксат берилерин маалымдаган.

Чек ара качан ачылат?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 29-январь күнү Баткен районунун Ак-Татыр айылында жергиликтүү тургундар менен да жолукту.

Ал сөзүндө эки тараптуу жолугушуунун мазмуну тууралуу кабарлап, 27-январдагы чек ара жаңжалын иликтөөчү биргелешкен комиссия түзүлгөнүн, чек арага эки тараптан тең чогулган аскерлер артка кайтарылганын айтты. Чек ара качан ачылары тууралуу маалымат берди.

"Тажикстан менен чек араны чечип алсак, элибизди тынч-аман кармасак деген чоң үмүтүбүз бар. Маселе толук чечилгенде Тажикстан менен чек араны толук ачабыз", - деди Ташиев.

УКМКнын төрагасына элден суроолор жаады. Апрелдеги жаңжалда үйү өрттөнгөндөргө кенемте жетишсиз берилгени, кыргыз-тажик чек арасы жабык экенине карабай, аткезчилик уланып жатканы тууралуу айтылды. Камчыбек Ташиев аткезчилик маселесине жергиликтүү эл да кошулуп калып атканын белгиледи.

Камчыбек Ташиев чек ара чечилбесе, куралдуу жаңжалдар токтобой турганын эскертти.

Мындан тышкары Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн жана чек ара кызматын бекемдөө максатында февраль айында дагы аскердик техникалар алынарын айтты:

"Бир жыл ичинде көп маселени чечип алдык. Азыркы маалда шүгүрбүз. Эл-журтту коргоп калууга мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Чек ара кызматын бекемдөө үчүн февралда дагы көптөгөн, силер өмүрү көрбөгөн аскер техникалары келет. Алардын баарын Баткенге беребиз. Мамлекет алардын баарын өз күчү менен, өз акчасына алып жатат".

Декабрда Кыргызстан УКМКнын Чек ара кызматына тапшырылган «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарын тапшырган. Бул курал толугу менен республикалык бюджеттин каражатына сатылып алынганы жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн колдонулары маалымдалган.

Ага чейин бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого бюджеттен баш-аягы 100 миллион доллар бөлүнгөнүн, курал-жарак негизинен Орусия менен Түркиядан сатып алынары белгилүү болгон.

Эвакуациялангандар кайта баштады

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев кечээ, 28-январда да Тажикстандан Чек ара аскерлеринин кол башчысы Ражабали Рахмонали менен Баткен районундагы Достук айылында жолуккан. Эки тараптын делегациясы чек арага тартылган кошумча күчтөрдү, каражаттарды кайра артка алып кетүү жана чырдын себептерин биргелешип иликтөө жөнүндө макулдашкан.

29-январда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кошумча күчтөрдү артка алып кетүү жараяны да аяктаганын билдирди.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Азаттыкка" чек арадагы жаңжалдан улам коопсуз жайларга эвакуацияланган эл толугу менен үйүнө кайтып жатканын да айтты.

"Бүгүнтөн калбай бардыгы үйлөрүнө кайтарылат деп ойлойм. Алардын коопсуздугун камсыздоо Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлигине жүктөлгөн. Элди үйлөрүнө кайтаруу иши кечээтен тартып башталган", - деди Ташиев.​

Ташиев: Чек арадагы эл үйүнө кайта баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00

Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирген.

Чек арадагы абалга тышкы реакция

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу АКШнын мамлекеттик департаменти кайрылуу таратты. Анын өкүлү Нед Прайс Америка бийлиги Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында зомбулуктун жанданышына кабатыр экенин билдирди. Ал эки өлкөнүн чек арасына байланыштуу бардык суроолорду тынч сүйлөшүү аркылуу чечүүгө чакырды.

Нед Прайс бул тууралуу Твиттердеги баракчасына жазды.

Буга чейин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Зась Кыргызстан менен Тажикстандын бийликтерин чек арадагы ок атышууну токтотууга чакырган.

Анда айтылгандай, Зась Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода жана Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен телефондон сүйлөшкөн.

“Чек арадан кайрадан кагылышуу башталганы, ушуга чейин жараат алгандар бар экени олуттуу кабатырлануу жаратат. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу тиреш дароо токтотулушу керек. Келишпестиктерди үстөлгө отуруп, тынчтык сүйлөшүүлөр арылуу чечүү зарыл. ЖККУ чатакты чечүү үчүн Кыргызстанга жана Тажикстанга зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр. ЖККУнун мүчөлөрү – эки мамлекеттин жетекчилиги тең чек арадагы оор маселени жөнгө салуу үчүн орток пикир табат деп ишенем”, - деп билдирген Станислав Зась.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу менен Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет.

Чек ара кызматы көп өтпөй тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаганын тактады. Мекеме тараткан маалыматта алардын абалы орточо оор экени, баары облустук ооруканага жаткырылганы айтылат.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.

Кыргыз-тажик чек арасында соңку жылдары куралдуу кагылышуулар бат-бат катталууда. Буга чейин ушул жылдын 28-апрелинен 1-майга чейин уланган куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36 киши курман болгон. 180ден ашык адам жараат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 адам жараат алганы расмий кабарланган.

11:22 29.1.2022

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам коопсуз жакка кетүүгө аргасыз болгон тургундар үйлөрүнө кайта баштады.

Баткендеги президенттин өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, 29-январга оогон түн чек ара аймактарында тынч өттү. Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кырдаал туруктуу экенин “Азаттыктын” кабарчысына билдирди.

Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирген.

11:21 29.1.2022

Кыргызстан менен Тажикстандын расмий делегациясынын 28-январдагы сүйлөшүүсүнө ылайык, бүгүн, 29-январда эки тараптын биргелешкен комиссиясы ишин баштайт.

Алар чек арадагы чырдын себептерин биргеликте иликтешет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG