Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Баткен: кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын иши жандантуу чечилди


Камчыбек Ташиев (солдо) жана Саймумин Ятимов (оңдо). Достук, Баткен району. 29-январь, 2022-жыл.
Камчыбек Ташиев (солдо) жана Саймумин Ятимов (оңдо). Достук, Баткен району. 29-январь, 2022-жыл.

Чек ара маселеси боюнча бүгүн, 29-январда Баткенде, Достук айылындагы эки тараптуу сүйлөшүү аяктады.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин орун басары, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов баштаган эки тараптын расмий делегациясы эки өлкө чек ара маселелерин, аймактагы кырдаалды талкуулады. Аягында делегация жетекчилери журналисттерге жолугушуунун мазмуну тууралуу маалымат беришти.

Кыргызстандын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин сөзүнө караганда жолугушуунун жыйынтыгында эч кандай келишимге кол коюлган жок:

"Бирок биз бири-бирибизге сөз бердик. Бүгүнкү жолугушууда кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин жандантууну чечтик. Бул башкысы. Анткени эки ай мурун Чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын иши токтоп калган. Мындан ары комиссия такай, буга чейинки мыйзам, протокол жана башка эки мамлекеттин кызыкчылыгынын негизинде иш алып барат".

Ал эми Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов кыргыз-тажик чек арасын аныктоодо мурда кол коюлган документтердин негизинде иш алып баруу маанилүү экенин белгиледи:

"Сүйлөшүүлөр болду. Биз чек ара маселелерине байланыштуу бардык маселелер тууралуу сүйлөштүк. Биз тарыхый документтерге жана кийинки паритеттик комиссиялардын ишинин натыйжасында кол коюлган келишим-протоколдор эске алынышы керек деп эсептейбиз. Тагыраагы, биз 2020-жылдын 1-майында кабыл алынган №39 протокол тууралуу сүйлөштүк. (№39 протоколго 2021-жылы 1-майда кол коюлган -ред) Бул өтө маанилүү документ. Биз туура сегиз күндөн кийин бул протоколдун негизинде ишке киришебиз. Сегиз күндөн кийин паритеттик комиссия ишин баштайт. Жакынкы күндөрү дагы жолугуп, комиссиянын ишин талкуулайбыз", -деди Ятимов.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев кечээ, 28-январда Тажикстандан Чек ара аскерлеринин кол башчысы Ражабали Рахмонали менен Баткен районундагы Достук айылында жолуккан. Эки тараптын делегациясы чек арага тартылган кошумча күчтөрдү, каражаттарды кайра артка алып кетүү жана чырдын себептерин биргелешип иликтөө жөнүндө макулдашкан.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG