Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

COVID-19: 29-январга карата 398 жаңы учур катталды


Мобилдик топтун дарыгерлери. 22-январь, 2022-жыл.
Мобилдик топтун дарыгерлери. 22-январь, 2022-жыл.

Акыркы суткада Кыргызстанда 398 адам коронавирус жуктуруп алганы расмий тастыкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкекте - 227 адам, Чүйдө -115, Ысык-Көл облусунда -24, Баткенде -13, Жалал-Абадда 12, Таласта -4, Ош облусунда -2, Ош шаарында -бир адам.

Нарында илдет жуктургандар катталган жок.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалымдашынча, ушул тапта 1086 бейтап ооруканада, 5974 адам үйүндө дарыланып жатат.

2020-жылдын 18-мартынан берки убакта Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 197 845 адамга жетти. 186 386 бейтап сакайды.

29-январга карата коронавирус илдетинен беш адам көз жумду. Алардын баары Бишкекте катталды. Ушуну менен вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны - 2872 адам болду.

2019-жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан COVID-19 илдети кыска убакытта дүйнөгө тарап, 5,6 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG