Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Баткенде кыргыз-тажик бирдиктүү комиссиясы иштеп жатат


Эки тараптын расмий делегацияларынын жолугушуусу. Баткен, Достук айылы. 28-январь, 2022-жыл.
Эки тараптын расмий делегацияларынын жолугушуусу. Баткен, Достук айылы. 28-январь, 2022-жыл.

Кыргызстан менен Тажикстандын расмий делегациясынын 28-январдагы сүйлөшүүсүнө ылайык, бүгүн, 29-январда эки тараптын биргелешкен комиссиясы ишин баштайт.

Алар чек арадагы чырдын себептерин биргеликте иликтешет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

28-январда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев Тажикстандан Чек ара аскерлеринин кол башчысы Ражабали Рахмонали менен Баткен районундагы Достук айылында жолугушту. Эки тараптын делегациясы чек арага тартылган кошумча күчтөрдү, каражаттарды кайра артка алып кетүү жана чырдын себептерин биргелешип иликтөө жөнүндө макулдашкан.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG