Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:38

Ташиев эвакуацияланган тургундар үй-жайына кайтып жатканын билдирди


Мектептин спорт залына жайгаштырылган балдар сүрөт тартып жатышат. Баткен. 28-январь, 2022-жыл.
Мектептин спорт залына жайгаштырылган балдар сүрөт тартып жатышат. Баткен. 28-январь, 2022-жыл.

Чек арадагы жаңжалдан улам коопсуз жайларга эвакуацияланган эл толугу менен үйлөрүнө кайтып жатканын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Азаттыкка" билдирди.

"Бүгүнтөн калбай бардыгы үйлөрүнө кайтат деп ойлойм. Алардын коопсуздугун камсыздоо Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлигине жүктөлгөн. Элди үйлөрүнө жеткирүү иши кечээтен тартып башталган", - деди Ташиев.

Ташиев: Чек арадагы эл үйүнө кайта баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00

Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирген.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG