Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:50

АКШ мамдепартаменти кыргыз-тажик чек арасындагы зомбулуктун жанданышына кабатыр


Чек арадагы куралдуу атышуудан улам мектептин спорт залына жайгаштырылган тургундар. Баткен. 28-январь, 2022-жыл.
Чек арадагы куралдуу атышуудан улам мектептин спорт залына жайгаштырылган тургундар. Баткен. 28-январь, 2022-жыл.

АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс Америка бийлиги Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында зомбулуктун жанданышына кабатыр экенин билдирди. Ал эки өлкөнүн чек арасына байланыштуу бардык суроолорду тынч сүйлөшүү аркылуу чечүүгө чакырды.

Нед Прайс бул тууралуу Твиттердеги баракчасына жазды.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG