Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Былтыр Орусияда 1,04 млн. адам өз ажалынан көз жумду


Санкт-Петербург шаарындагы мүрзө. Иллюстрациялык сүрөт.
Санкт-Петербург шаарындагы мүрзө. Иллюстрациялык сүрөт.

Бир жылда миллиондон ашуун адам согуш же башка кырсыктардан тышкары, өз ажалы жетип, жарык дүйнө менен кош айтышары Орусиянын тарыхындагы алгачкы катталып жатканын РБК маалымат агенттиги өлкөнүн статистика комитетине таянып билдирди.

Ага ылайык, Орусиянын туруктуу калкынын саны 2022-жылдын 1-январына карата 145 млн. 478 миң адамды түздү. Бул былтыркыга караганда 693 миң кишиге аз. 2014-жылы аннексияланган Крымдын элин кошпогондо, бул көрсөткүч 2012-жылдагы көрсөткүчкө (143 млн. 060 адам) чейин кыскарган.

2002-жылы Орусияда 686 миң адам көз жумган.

Серепчилер 2021-жылкы адам өлүмү көп болушуна COVID-19 вирусу таасир эткенин айтышты .Пандемия башталгандан бери Орусияда миллиондон ашуун киши коронавирустан каза тапкан. Расмий маалыматтарда 2020-жылдын апрелинен тартып 2021-жылдын ноябрына чейин вирустан 626 миң адам көз жумганы айтылып келет.

2019-жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан COVID-19 илдети кыска убакытта дүйнөгө тарап, 5,6 млн. ашуун адамдын өмүрүн алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG