Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Түркияда статистика институтунун жетекчиси инфляция тууралуу ачык маалыматтан соң иштен алынды


Акча алмаштыруучу жайга кезек күткөн кардарлар. Анкара. 20-декабрь, 2021-жыл.
Акча алмаштыруучу жайга кезек күткөн кардарлар. Анкара. 20-декабрь, 2021-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мамлекеттик статистика институтунун башчысы Саир Динчерди кызматтан кетирди.

Президенттин жарлыгы статистика институтунун Түркияда учурда инфляциянын деңгээли 19 жылдан бери эң жогорку чекке жеткени тууралуу расмий маалыматынан кийин чыкты. Жарлыкта кызматтан алуунун себеби түшүндүрүлгөн эмес.

Динчердин ордуна аталган кызматка Эрхан Четинкай дайындалды.

Мамлекеттик статистика институту 3-январда Түркиядагы инфляциянын деңгээли бир жыл мурункудан 36,1% өскөнүн жарыялап, бул акыркы 19 жылдагы эң жогорку чек экенин жазып чыккан. Бул маалыматтан кийин Саир Динчерди өкмөт да, оппозиция да сынга алган.

Оппозиция Динчердин институту инфляциянын деңгээлин эки эсе азайтып көрсөттү деп сындаса, бийлик бул маалыматтарда Түркиядагы экономикалык кризистин деңгээли кыйла көбүртүлгөн деп айыптаган.

Серепчилер Түркияда инфляция президент Эрдогандын Борбордук банктын ишине кийлигишүүсүнөн улам тереңдеп жатканын айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG