Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Жаңы-Өзөндө дагы бир компаниянын жумушчулары иш таштады


Жаңы-Өзөн шаары
Жаңы-Өзөн шаары

9-февралда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында «Бургылау» мунай-сервис компаниясынын жумушчулары иш таштады. Алар компания жетекчилерине ашыкча саат иштегендиги үчүн акы төлөө, иш шарттарын жакшыртуу жана башка бир катар талаптарды коюшту.

Айрым маалыматтарга караганда, акцияга 400-500дөй киши чогулду. Компанияда 2 миңдей киши эмгектенет.

Жумушчулар шаршембиде алар менен директор юристтердин коштоосунда жолукканын, иш таштоону токтотууга көндүрүүгө аракеттенгенин айтып беришти. Жумушчулар аларды коркутуу аракети болгон деп эсептешет.

Алар эскилиги жеткен жабдуулар менен иштешкенин айтышты. Компания өкүлдөрү иш таштоо тууралуу маалыматка комментарий бере элек.

Буга чейин «МАЭК–Казатомпром» ишканасынын миңдей кызматкери бир нече күн маянаны көтөрүүнү талап кылышкан. Кийин нааразылык акциясына KMG-Security ишканасынын жумушчулары чыкты.

Шаардагы жумушсуздар январдын аягынан бери иш менен камсыз кылууну талап кылып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG