Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

"Айкөркөмдү октон сактап кала албадым"


Алматыда январь окуялары маалында окко учкан төрт жашар Айкөркөм.
Алматыда январь окуялары маалында окко учкан төрт жашар Айкөркөм.

"Хьюман Райтс Вотч" укук коргоо уюму казак бийлигин январь окуялары маалында адам укуктарынын одоно бузулушун иликтөөгө эл аралык эксперттерди кошууга чакырды. Мамлекеттик катчы Ерлан Карин каргаша күндөрү тынч демонстранттарга каршы ок атылганын четке какты.

Жыл башындагы тоз-тополоңдо коңшу мамлекетте кеминде 227 адам каза болгон. Миңдеген адам кармалган. Кыргызстандын Акыйкатчысы Тараз шаарында эки кыргызстандык камакта экендиги тууралуу маалымат бардыгын билдирди. Алардын бири январь калабасында кармалган.

Окко учкан төрт жашар наристе Айкөркөм

Төрт жашар Айкөркөм январь окуялары маалында окко учкан эки наристенин бири. 7-январда ал бир туугандарын ээрчип, тамак-аш алганы чыккан. Ошол күнү дүкөндөрдүн көбү жабык болгондуктан, алар машине менен шаар кыдырууга аргасыз болушат. Акимчиликке жакындап калганда кимдир бирөөлөр аткылаган. Башына ок тийген Айкөркөм ошол жерден мүрт кеткен. Эжеси жарадар болгон.

Кыздардын атасы Айдос Мелдехан уулу машинеге 20дан ашуун ок тийгенин кийин санаганын айтат.

"Балам Бекислам ошондо жанында болгон. Ата, карындашымды сактап кала албадым деп күнүгө ыйлайт", - дейт көзүнө жаш алган ата. Айкөркөм үйдүн кенжеси болчу.

Атанын айтымында, баллистикалык экспертиза кызына тийген окторду аскерлер гана колдонорун көрсөткөн. Бирок бир үй-бүлө бараткан машинени ким атканын далилдөө өтө кыйын.

Карин тынч демонстранттарга каршы курал колдонулганын четке какты

Ал арада Казакстандын мамлекеттик катчысы Ерлан Карин "Каска жол" Ютуб каналы менен болгон маегинде январь окуялары маалында тынч демонстранттарга каршы курал колдонулганын четке какты.

"Мен көргөн видеолордо жана башка да булактардын айтымында, ал жерде эч кандай ок атылган эмес. Курал колдонулган жок", - деди Карин.

Мамлекеттик катчы кайсы видеолорду көргөнү белгисиз. 6-январь күнү кечинде аянтта жүргөндөр "Биз террорчу эмеспиз, карапайым жарандарбыз" деген узун плакатты кармап турган кишилерди аскерлер аткылашканын айтышууда.

Алматыдагы аянттын жанында жашаган тургун Бейбит Мустафин 6-январдын кечинде болгон окуяны өз көзү менен көргөн.

"Саат кечки жетилерде үстү жабылган машинелер келди. Анан аянтта тургандарды аткылай башташты. Алар кечки жетиден он бирге чейин үзгүлтүксүз аткылап турушту", - дейт ал.

Анын сөзүн башка шаардыктар дагы ырастап жатышат. Аскерлер "Биз террорчу эмеспиз, карапайым жарандарбыз" деген узун плакатты кармап турган адамдарды аткылашкан.

"Биз террорчу эмеспиз!" деп жазылган ак кездемени кармап турганбыз. Ал жакта энелер да, жаштар да бар болчу. Эч нерсеге карабай атышты. Жарадар болгондордун көбү ооруканага жетпей калышты. Аларды машинелерге салып жатканыбызда да аткылоону улантышты. Машиненин маңдайындагы терезеси чачырап кетти. Үч адамды тирүү жеткиздик, бирок алар да каза болуп калышты", - дейт Алматынын тургуну Марат Айтпаев.

HRW январь окуяларын иликтөөгө эл аралык эксперттерди кошууга чакырды

Январь окуяларынан кийин Акордо башаламандыктарды чет жакта даярдыктан өтүп келген "террорчулар" уюштурганын билдирди. Президент Касым-Жомарт Токаев эскертүүсүз ок атуу тууралуу буйрук бергенин жарыялаган. Расмий маалыматтарга ылайык, кандуу калабада кеминде 227 киши каза болду. Миңден ашуун адам жаракат алды. Укук коргоочу топтор окуяны эл аралык деңгээлде иликтөөгө чакырышты. Токаев мындай чакырыктардан баш тарткан.
"Хьюман Райтс Вотч" укук коргоо уюму 9-февралда казак бийлигин январь окуялары маалында адам укуктарынын одоно бузулушун иликтөөгө эл аралык эксперттерди кошууга чакырды. Расмий маалыматка ылайык, кандуу калабада кеминде 227 киши каза болду. Миңден ашуун адам жаракат алды. Укук коргоочулар бул сан кыйла көп болушу мүмкүн экенин боолгошот.

Буга чейин Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет, АКШ жана башка эл аралык уюмдар январь окуялары боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырышкан.

Кыргызстандын Акыйкатчы инситуту алдын ала кабарлагандай, Тараз шаарында эки кыргызстандык камакта отурат. Алардын бири январь окуялары маалында кармалган. Институттун өкүлдөрү 10-февралда Таразга барат. Ал эми Алматыда кармалып, кийин бошотулган кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков менен Викрам Рузахуновдун иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG