Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

COVID-19: үч адам каза болуп, вирус 69 кишиден аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир суткада (11-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 69 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 31 киши.

Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы үч бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 199 миңден ашты, 2920 адам каза болуп, 192 миңден көп киши сакайып чыкты.

Ушул күндөрү 585 бейтап ооруканаларда, 2597 адам үйүндө дарыланууда.

Бир сутка ичинде коронавирус дагы бир медициналык кызматкерге жукту. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медкызматкерлер арасында 7730 учур катталды. Алардын ичинен 7340 дарыгер айыгып чыккан.

3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG