Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:53

Reuters: АКШ жана ЕБ Орусияга каршы санкцияларды даярдоодо


Орусия Укринага кол сала турган болсо АКШ менен Евробиримдик расмий Москвага каршы санцияларды даярдоодо. Бул тууралуу Reuters өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, чектөөлөр Сбербанк жана ВТБга таасир этиши мүмкүн. Орусияны SWIFT каржылык төлөм системасынан ажыратуу каралган эмес. Агенттиктин маектештери Европа өлкөлөрү буга каршы чыгышканын айтышкан. Кредиторлор миллиарддаган доллар карызын кайтарып ала албай калабыз деп кооптонушат.

Мындан сырткары, коргонуу жана технология тармагында экспорт менен алектенген орус ишканалары чектөөлөргө дуушар болушу ыктымал. Мунун фонунда АКШ микросхемаларды өндүрүүчүлөргө Орусиядан материалдарды жеткирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертти.

Ак үй Кремлге каршы профилактикалык санкцияларды киргизүүнү пландаган жок.

Америкалык сенатор Жеймс Лэнкфорд Беларуска жана башка “Орусиянын агрессиясына” көмөктөшкөн өлкөлөргө санкцияларды киргизүүнү сунуштады. Чектөөлөр Орусиянын Украинага кол салышына Беларустун аймагын колдонуусуна тоскоол болору болжолдонууда.

Батыш өлкөлөрү былтыр күз айынан бери Украинанын чек арасына жакын 100 миңден ашуун орус аскерлеринин топтолушунан кооптонуп жатат. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматында, Орусия жакын арада Украинага кол салышы ыктымал. Москва бул маалыматты четке кагып, аскерлердин чек арага жакын жайгашуусун машыгуу катары түшүндүрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG