Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков 2021-жылдын алты айында Орусияда 201 кыргызстандык баңгизат менен кармалганын бүгүн, 17-февралда парламенттин жыйынында билдирди. Алардын көбү мектепти жаңы бүтүп барган жаштар экенин кошумчалады.
"Алты айда баңгизатты сатты, даярдады деп 201 бала кармалыптыр. Алар ошол бизнесте жүрөт дейсизби? Болгону жумасына 10-15 миң рубль беребиз деген кулактандырууларды окуп алып, шылуундардын торуна илинип, балдарга убал болуп жатат. Мигранттардын укуктук аң-сезимин даярдоо боюнча системаны ойлоп табыш керек. Керек болсо ыктыярчыларды тарталы", - деди Кадырбеков.
Эл өкүлү маалыматтын булагын айткан жок.
Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашат. Бейрасмий эсепте алардын саны бир миллиондон көп экени айтылып келет. (КЕ)