2010-жылдагы Июнь окуясы үчүн айыпталгандардын бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдурахман Абдуллаевдин адвокаты аны актоону өтүнүп Жогорку сотко кайрылганын мекеменин басма сөз кызматы 17-февралда ырастады.
Маалыматта айтылгандай, адвокаттын көзөмөл арызын кароо боюнча кийинки отурум 28-февралга белгиленди.
Абдуллаев 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Жалал-Абад облустук сотунун 2011-жылдын 28-октябрындагы өкүмү менен ал жана Халилжан Худайбердиев аттуу адам 20 жылга эркинен ажыратылышкан жана мүлкү мамлекетке чегерилген. Аларга улут аралык кастыкты козутуу, бийликтин талаптарына баш ийбөөгө жана жапырт башаламандыкка үндөө, адам өлтүрүү деген айыптар тагылган. Ошол эле соттун чечими менен Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борбордун мурдагы башчысы Кадыржан Батыров жана Ином Абдурасулов аттуу адам өмүрүнүн аягына чейин, Жавлон Мирзаходжаев 14 жылга, Махаматрасул Абакжанов 3 жылга соттолушкан.
Бул адамдардын бирөө да сот жараяндарына катышкан эмес, себеби баары Кыргызстандан чыгып кетишкен жана эл аралык издөөгө алынган.
2010-жылдын июнь айында Ош менен Жалал-Абаддагы улут аралык коогалаңда 400дөн ашык адам набыт болгон. (RK)