Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Кара-Сууда логистикалык борбор курулат


Логистикалык борбордун долбоору.
Логистикалык борбордун долбоору.

Бул тууралуу Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев 17-февралда Жоош айыл өкмөтүнүн эли менен жолугушкан учурда билдирди. Анын айтымында, индустриялык-логистикалык борборду Кашкар-Кыштак айылында 5 гектар жерге куруу пландалууда.

Ишкана үч этап менен курулуп, негизги багыты тигүү өндүрүшү болот. Чийки пахта буласын кабыл алып, токулган кийимдерди өндүрүп чыгат.

Жер трансформация болуп 49 жылга ижарага берилген. Ушул жылдын 14-январында инвестициялык сынак өткөрүлүп, келишимдерге кол коюлду.

Аким жакынкы күндөрү курулуштун капсуласы салынарын, ишкана курулуп бүтсө 1200 адам жумуш менен камсыз болорун айтты.

Маалыматка караганда, логистикалык борборду “Евразия Групп” ишканасы курат, анын баасы 45 млн. долларга бааланууда.

Кара-Суу району Кыргызстандагы калкы эң көп район. Өткөн жылы райондун бюджети 1 млрд. 24 млн. сомго жеткен. (ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG